Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапары аяктады
RU

Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапары аяктады

Все самое интересное в Telegram

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапары аяктап, бүгүн 21-августта Бишкекке келди. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүнү талкуулады.

Ошондой эле Садыр Жапаров ардактуу конок катары чет өлкөлөрдүн башка лидерлери менен бирге Венгриянын Улуттук башкы майрамын белгилөө иш-чараларына жана Будапешт шаарындагы Улуттук атлетикалык борбордо жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатынын эркектер арасындагы жарышынын финалына катышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14038