УКМКнын кызматкерине пара берүүгө аракет кылган аткаминерлер кармалып калды. Сүрөт, видео
1592
Кочкор районунда жергиликтүү аткаминерлер УКМК кызматкерине ири өлчөмдө пара берүүгө шектелип кармалды. Коопсуздук комитеттин маалыматында Сары-Булак айыл аймагынын башчысы жана Кара-Суу айыл аймагынын башчысынын орун басары пара берүүгө аракет кылган деп айтылат.
slide 2 of 3
Алар Кара-Суу айыл аймагынан жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалып, Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө байланыштуу башка адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/14040