УКМК ККК Минтранстын регионалдык бөлумүнүн жетекчисин камакка алды
RU

УКМК ККК Минтранстын регионалдык бөлумүнүн жетекчисин камакка алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2020-жылдын 16-декабрында УКМК ККК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине буга чейин катталган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу жол чарба департаментинин аймактык бөлүмүнүн башчысы Т.К.А. камакка алды.

Такталгандай, кармалган Т.К.А. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, "Нарын" дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу боюнча долбоорду ишке ашырууда мамлекетке 17 млн сомдон ашык суммада зыян келтиргени аныкталды.

Кармалган кызматкер Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/140