Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунда таш кулады. Жол жабык
RU

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунда таш кулады. Жол жабык

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинде (254-255-чакырым аралыгы) таш кулап, жол убактылуу жабылды. Бул туурасында Транспорт министрлиги маалымдайт.

Тоо боорунан кулаган таштардын жалпы көлөмү 5000 м3 түзөт. Жерине "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №18 Жол тейлөө мекемесинин 10 чакты кызматкерлери жана атайын техникалар тартылды.

Жаратылыш кырсыгы 25-августка караган түнү катталган. Жабыркагандар жок. Азыркы тапта тазалоо иштери жүрүүдө. Жолдун эки тарабында турган унаалардын жалпы саны 25ке жетет.

Тоо боорунда пайда болгон жаракалардан улам таш түшүү коркунучу жогору болгон тилкелерге тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү чогуу мониторинг жүргүзүп, анын жыйынтыгына жараша аракеттер көрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14136