"Бакыт каалайм". Мирбек Атабековдун жубайы мамилелери тууралуу үн катты
RU

"Бакыт каалайм". Мирбек Атабековдун жубайы мамилелери тууралуу үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепберген Instagram баракчасына жолдошуна байланыштуу билдирүү жазды. Ал жолдошуна чын жүрөктөн бир гана жакшылыктарды жана бакыт каалай турганын айтат.

"Ар бир жомоктун аягы бар. Менин жомогумдун да аягы бар, кээ бирөөлөр үчүн бул романтикалуу эмес, бирок эң негизгиси чынчыл жана аруу. Мен Мирбекти эң таланттуу артист, кыргыз элинин уулу катары чексиз сыйлайм жана сүйөм. Биз 3 балалуу болдук, өткөн жылдардагы жакшы эскерүүлөр көп. Бирок жашоодо жолдор эки башка жолго түшөт.

Ага чын жүрөгүмдөн тек гана жакшылыктарды, өз адамын таабышын, чоң бакыт жана ден соолук, жеңиштерди жана чыгармачылык бийиктиктерди каалайм.

Жашоомдун кайсы бир мезгилинде аны менен бирге болуу мүмкүнчүлүгүн берген Жаратканга ыраазычылык билдирем. Балдарыбыз - биздин жашоодо болгон эң жакшы нерсебиз. Алар чыныгы бактылуу ата-энелерди көргөндө гана бактылуу болоруна ишенем.

Мен эч нерсе түшүндүрбөйм, айтпайм. Мен эң көп берилген суроого биротоло жооп берип, балким, ошону менен өзүм үчүн бир чекти белгилейм. Бул тууралуу айтуу мен үчүн абдан кыйын, бирок буга түшүнүү жана айыптоосуз мамиле жасайсыздар деп ишенем. Баарыңыздарга бакыт жана чоң сүйүү", - деген ал билдирүүсүндө.

Мирбек Атабеков менен Мээрим Толепберген 2014-жылы баш кошушкан. Түгөйлөр 1 уул, 2 кыздын ата-энеси.

@kaktus_kg

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепберген Instagram баракчасына жолдошуна байланыштуу билдирүү жазды. Ал жолдошуна чын жүрөктөн бир гана жакшылыктарды жана бакыт каалай турганын айтат.

♬ оригинальный звук - Kaktus_kg
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14147