"Пиарчы же блогер бололу". Эрулан Кокуловдун жоругу боюнча кесиптештеринин пикири
RU

"Пиарчы же блогер бололу". Эрулан Кокуловдун жоругу боюнча кесиптештеринин пикири

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин депутат Эрулан Кокуловдун билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин кабинетине барып, аны кабыл алуусун талап кылган видеосу тараган. Министр күтүп туруусун айткандан кийин алардын ортосунда талаш-тартыш жаралган.

Талкууга алынган бул көрүнүшкө Кокуловдун кесиптештери парламентте пикирлерин айтышты. Депутат Мирлан Самыйкожо эл шайлады деп эле эсирип кетпешибиз керек деген оюн айтты.

"Биз депутатпыз, биздин мандатыбыз бар. Бирок эл шайлаган деп эле эсирип кетпешибиз керек деп ойлойм. Азыр бир депутатыбыз популисттик менен кызмат кылып жаткандарды карап көрөлү деп калды. Биз популисттик менен кызмат кылып жаткан жокпузбу деп ойлоп кетебиз. Эгер пиар кыла турган болсок аны туура жасаганды үйрөнүшүбүз керек. Же пиарчы, блогер бололу же өзүбуздүн статусубуз менен депутат бололу дегим келет. Коомдо дагы бир топ сөздөр айтылды, ар бир нерсенин жообу болот. Өзүбүздүн баркыбызды өзүбүз түшүрө берген болбойт", - деп кайрылды.

Ал эми Медербек Алиев кесиптешинин көтөргөн маселеси туура экенин белгиледи.

"Эрулан Кокуловдун министрликке барганы боюнча оюмду билдирип койгум келет. Менин билишмче, Каныбек Капашович күчтүү саясатчы. Ал бул тармакка жаңы келди, аракет кылып жатат. Бирок 32 жылдан бери маселе топтолуп калган. Карапайым калк эшигин тыкылдатып жүрүп, катардагы адиске айлап-жылдап жазылат. Каныбек Иманалиевге чейинки министр пара менен кармалды. Канчалаган коррупциялык көрүнүштөр бар. Эмне үчүн Эрулан Кокулов барып, талап кылбашы керек. Кээ бир министрлер жыйындарга такыр келишпейт. "Кечирип коёсуз, бизден кетти, катуу тийди" десе иш жылбайт да. Айрым маселелер радикалдуу чечилиши керек.

Мен ойлойм, 21-кылымда депутат аябай мобилдүү болушу керек. Кымбат машинеде жүрө албаганына уялбаган, артында күмөндүү иштери жок. Ооба, мүмкүн Эрулан Кокулов этиканы сактабагандыр. Бирок маселенин өзөгү, түпкүрү туура болуп жатпайбы", - деди депутат.

Ага улай эле Марлен Маматалиев да кесиптешин колдоду. "Кокулов 1-сентябрдан баштап эле акча чогултуулар, китептердин жетишсиздиги, ишеним телефонун иштебей жатканы боюнча бир топ маселелерди айтып чыкты. Ал жеринен көрүп келейин деп министрликке барган. Бирок аны күттүрүп койгон", - деди.

Балбак Түлөбаев кесиптештерин бири-бирине акыл үйрөтпөөгө чакырды. "Урматтуу депутаттар, ар бирибиздин тарапташтарыбыз бар. Бири-бирибизге "антет элек, минтет элек" деп акыл үйрөтпөсөк... Ар бир депутат - бул саясий фигура. Ал мыйзам чегинде иш алып барат, элдин алдында жооп берет. Биздин начальнигибиз - эл", - дейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14273