Эрулан Кокулов менен Каныбек Иманалиев талашып-тартышты. Видео
RU

Эрулан Кокулов менен Каныбек Иманалиев талашып-тартышты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Эрулан Кокуловдун билим берүү министри Каныбек Иманалиев менен талашып-тарштышкан видеосу тарады.

Эл өкүлү социалдык тармактагы баракчасына Билим берүү министрлиги жакында эле ишке киргизген ишеним телефону жарандардын ишеничин актадыбы деп текшерүү үчүн көрсөтүлгөн номерге чалган. Бирок жооп болгон эмес. Депутаттын айтымында, мектепте акча чогултуулар тууралуу көп маалымат түшүп жатат.

Кокулов министр Каныбек Иманалиев менен жолугуу үчүн министрликтин имаратына барган. Анда министр жыйын болуп жатканын айтып, депутатка күтүп туруусун, эл өкүлдөрү алдын ала жазыларын айткан. Бирок Кокулов "мени тартип менен эмес, мыйзам менен кабыл аласыз" деп министр менен кайым айтышты.

Белгилесек, депутат буга чейин баш кийимин чечүүдөн баш тарткандыктан, аны "Промзона" клубуна киргизбей коюшкан. Бул анын укуктарын бузуу деп эсептеген. Натыйжада ал милицияга кайрылган. Ал Kaktus.media сайтына комментарий берип, бардык жерде мыйзамдардын аткарылышын талап кыларын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14270