Түндүк Кореяда тактикалык өзөктүк куралы бар суу астындагы кеме кое берилди
RU

Түндүк Кореяда тактикалык өзөктүк куралы бар суу астындагы кеме кое берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түндүк Кореяда Ким Чен Ындын катышуусунда тактикалык өзөктүк куралы бар суу астындагы кеме кое берилди.

Кемеге "Баатыр Ким Кунг Ок" деп ат коюшкан.

Түндүк Корея тактикалык өзөктүк курал менен жабдылган жаңы суу астындагы кайыгын кое берди. Салтанатка Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын катышты, деп билдирет "Голос Кореи".

Мамлекет башчысынын айтымында, Түндүк Корея бардык оор суу астындагы кайыктарды модернизациялоону жана тактикалык өзөктүк курал менен жабдууну пландаштырууда.

Кеменин расмий суу астына кое берлишине бийлик башчысы Ким Чен Ын катышып, "деңиз флотунун суу астындагы негизги чабуулчу курал" деп атаган.

Белгилүү болгондой, кемеде он учуруучу түтүк, алардын төртөө менен ракеталарды учурса болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14318