Россияда WhatsApp бөгөттөлүшү мүмкүн
RU

Россияда WhatsApp бөгөттөлүшү мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россияда WhatsApp бөгөттөлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Мамлекеттик Думасынын Маалыматтык технологиялар боюнча комитетинин башчысынын биринчи орун басары Антон Горелкин билдирди. Эми россиялыктар мессенджерсиз калабы?

Согуш башталгандан кийин көптөгөн чет элдик кызматтар Роскомнадзор тарабынан жабылган. Була Россиянын Юстиция министрлиги экстремисттик уюмдардын тизмесине кирген Мета дагы кирет. Ошого карабастан, россиялыктар арасында популярдуу болгон WhatsApp дагы эле жеткиликтүү бойдон калууда. Мессенжерге бөгөт коюу боюнча сүйлөшүүлөр Россиянын Мамлекеттик Думасында бир эмес бир нече жолу көтөрүлгөн. Жаңылыктар парламентарийлерди бул ресурсту жабуу боюнча маселени кайрадан көтөрүүгө мажбурлады.

Буга ылайык, 13-сентябрда компания WhatsAppта басылмаларга реакция кылуу мүмкүнчүлүгү бар каналдар болорун жарыялады. Алар 150дөн ашык өлкөдө, анын ичинде Россияда жеткиликтүү болот. Канал билдирүүлөрүн топторго жөнөтсө болот.

"Жакында администраторлор жаңыртууларды жарыяланган күндөн тартып 30 күндүн ичинде түзөтө алышат. Бул мөөнөт өткөндөн кийин жаңыртуулар биздин серверлерден автоматтык түрдө өчүрүлөт", - деп кошумчалады компания.

Бул кабардан кийин Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Маалыматтык технологиялар боюнча комитетинин жетекчисинин биринчи орун басары Антон Горелкин өзүнүн Telegram-каналында Орусияда мессенжерге болгон мамиле каналдардын ачылышына байланыштуу кайра каралышы мүмкүн экенин жазды. Анын айтымында, "Meta экстремисттик компаниясынын продуктусу маалыматты массалык жайылтуу багытында өзүнүн функционалдуулугун кеңейте баштады".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14434