Чыгым 20 млн сомдон ашык. Алдамчылыкка шектүү аял коңшу өлкөдө жашынып жүргөн
RU

Чыгым 20 млн сомдон ашык. Алдамчылыкка шектүү аял коңшу өлкөдө жашынып жүргөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто 34 жаштагы аял жарандарды алдап, 20 миллион сомдон ашык зыян келтирген. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, алдамчылыкка шектүү коңшу өлкөдө жашынып жүргөн.

Белгилүү болгондой, 14-сентябрда издөөдө жүргөн 1989-жылы Кара-Суу районунда туулган, Ош шаарында убактылуу жашап турган Т.Ж. аттуу аял кармалды. Ал бир нече жарандарды алдап, Өзбек Республикасынын аймагында бекинип жүргөн.

Бүгүнкү күндө шектүүнүн үстүнөн арыздангандардын саны 9 адамга жетти, арыздануучулардын саны өсүүдө. Келтирилген чыгым жалпы 20 миллион сомдон ашат.

Аныкталгандай, Т.Ж. акчалуу жарандарга кайрылып, "жеке басмаканам бар, бир аз инвестиция жасай турган болсоӊ ири кирешеге ээ болосуӊ" деп алдап, 400 миӊ сомдон 6 млн 500 мин сомго чейин акча алып, Өзбекстандын аймагына качып кеткен. Айрымдарынан бир нече жолу акча алган. Тактап айтканда, Ош шаарынын 1983-жылы туулган тургунунан апрель айында 500 миң сом, 250 миӊ сом, 750 миӊ сом, 800 миӊ сом жана 200 миӊ сом акча алып, изин жашырган.

Ош шаардык соту тарабынан шектүү Т.Жнын баш коргоо чарасы 16-сентябрда каралып, 16-октябрга чейин камакка алуу чечими чыкты.

Ош ШИИБдин тергөө кызматы жогорудагы аялдан жабыркагандар болсо кабар берип коюуну өтүнөт. Байланыш номерлери: 0777-07-31-17 же 102.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14457