Гарри Поттер тасмаларында Дамблдордун ролун аткарган актёр Майкл Гэмбон каза болду
RU

Гарри Поттер тасмаларында Дамблдордун ролун аткарган актёр Майкл Гэмбон каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ирландиялык жана британиялык актёр Майкл Гамбон 82 жашында каза болду. Бул тууралуу The Guardian актёрдун үй-бүлөсүнө шилтеме кылып жазат.

Актёрдун жубайы менен уулу: "Сэр Майкл Гэмбондун каза болгонун жарыялоо бизди капа кылды" деп айтышкан. Алар Гамбон пневмониядан кийин ооруканада, үй-бүлөсү жана досторунун курчоосунда каза болгонун билдиришкен.

Актёр Гарри Поттер тасмаларында профессор Дамблдордун ролун ойногон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14588