Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашын 14 секундда жеңди. Видео
RU

Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашын 14 секундда жеңди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарын жеңиш менен баштады.

62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Тыныбекованын алгачкы атаандашы таиланддык балбан болду. Кыргыз балбаны атаандашын 14 секундда далысын тийгизип, жеңип алды.

Чейрек финалда учурдагы дүйнөнүн чемпиону япониялык Нонока Озаки менен килем үстүнө чыгып, утулуп калды. Япон спортчусу финалга чыкса, анда Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14664