Балдарын сөгүп, "ата дебегиле" деп айткан киши кайрылуу жасады
RU

Балдарын сөгүп, "ата дебегиле" деп айткан киши кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балдарына "ата дебегиле" деп, уят сөздөрдү айтып жаткан киши кайрылуу жасады. Ал буга чейин тарап кеткен видеосу боюнча түшүндүрмө берди.

"Социалдык тармактарда кызын, баласын сөгүп жатат деп видеону Инстаграм, ТикТокко чыгарып жатасыздар. Силер чындыкты билбейсиздер. Бир тараптуу боло бербегиле. Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт. Чындыкты, башында эмне болгонун билбей эле коюңуздар.

Мен деле балдарымды дароо сөгүп кетпейм. Анын артында башка нерселер жатат. Видеону толук чыгарыш керек болчу. Балдарымды сөккөнүм чын, провокацияга алдырдым. Ошол күнү балдарым башка эркекти ата деп, кызым барып башка эркекти өөп, ал эркек кызыма шоколад берген, аны жеп... келинчегимдин азыркы жолдошу. Бардык эле ата эмоцияга алдырат", - деп түшүндүрдү.

Ал эми балдардын документтерин алып койгон деген айыптоого киши мындай деп жооп берди.

"Балдарымдын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү менде. Мен документтерди бер деп тартып алган эмесмин. Жубайым балдарды Ош облусундагы балдар үйүнө таштап кеткен. Мен ошол жактан алдым. Эми эне деген алсыз да, ага теңелгим келбейт. Балдарымдын жарандыгы Россияныкы, Кудай буюрса балдарым менин жаныма келет", - дейт ата.

Белгилесек, балдарын сөккөн кишинин видеосу апрель айында тартылган. Бирок интернет желесине 12-октябрда чыкты. Милиция видеодогу жаранды жана анын үй-бүлөсүн аныктап, текшерүү ишин баштады. Ал эми балдардын апасы арыз менен кайрылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14719