Таласта президенттин катышуусунда жаңы спорт комплекси ачылды
RU

Таласта президенттин катышуусунда жаңы спорт комплекси ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Айтматов районундагы Кызыл-Адыр айылында жаңы көп функционалдуу "Асыл" спорт комплексин ачты.

Спорттук-ден-соолукту чыңдоо комплексинин имараты жалпы аянты 0,5564 га жер тилкесинде жайгашып, бардык зарыл административдик-коммуналдык жайлар жана спорт зал менен камсыздалган. Ал машыгуу жана спорттук мелдештерди өткөрүү үчүн бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган. Комплекс спорттун ар кандай түрлөрү боюнча күнүмдүк жана мезгилдүү ден соолукту чыңдоо жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган. Тактап айтканда, баскетбол, волейбол, футзал, күрөш, бокс жана башка секцияларга катышуу үчүн залдары бар.

Садыр Жапаров бул жакшы саамалык менен куттуктап жатып, "Асыл" спорт комплекси ден соолуктун булагы болуп, райондун, облустун жана жалпы өлкөнүн спорттук жетишкендиктерине өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Мамлекет башчы учурдан пайдаланып, райондун жигердүү жаштары демилге көтөрүп, демөөрчү издеп, спорт тармагынын алдыга жылышына өз салымдарын кошуп жатканын абдан кубануу менен баса белгиледи. Бүгүнкү ачылып жаткан "Асыл" спорт комплекси дагы – дал ушундай демилгенин жыйынтыгы.

Буга байланыштуу район борборунун жаштарынын кайрылуусун четке какпай, түрдүү спорттук иш-чараларды өткөрүү шарттары бар заманбап комплексти жеке эсебинен куруп берген "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын башкы директору Болот Абилдаевге ыраазычылык билдирди.

Президент жаштардын демилгесин андан ары улап, комплекстин курулушуна жер тилкесин бөлүп, колдоо көрсөткөн жергиликтүү бийлик жетекчилеринин эмгегин да айта кетти.

Кыргызстандын атын чыгарган, желегин желбиреткен спортчуларды даярдаган кесипкөй мектеп болушун каалады.

Сөз сүйлөгөндөн кийин президент спорт комплексин, машыгуу залдарын жана ага жанаша жайгашкан аймагын кыдырып, ошондой эле бул комплексте машыга турган жаш спортчулар менен баарлашып, аларга жаңы ийгиликтерди каалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14777