Call-борбор: Новопавловка айылынын тургундары шина жагып жатышат
RU

Call-борбор: Новопавловка айылынын тургундары шина жагып жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Call-борбор: Новопавловка айылынын тургундары шина жагып жатышат. Мындай билдирүүнү Мурат, деген окурман жөнөттү.

Анын айтымында, Новопавловка айылынын Крупская көчөчүндө айрым адамдар үйлөрүн шина жана башка желим таштандыларды жагып жылытышат. Ошонун айынан көчө ар дайым ыш жыттанып, короолорго из отуруп, көө болуп калат. "Кошуналар бир нече ирет эскерткенбиз, бирок эч кандай өзгөрүу болгон жок", - деди Мурат.

Окурман тиешелүү органдардан чара көрүүнү суранууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/148