"Аял коомдун сынынан коркпошу керек". Ташталган балдар боюнча сунуш, пикирлер
RU

"Аял коомдун сынынан коркпошу керек". Ташталган балдар боюнча сунуш, пикирлер

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноябрь айында Бишкек шаарында жаңы төрөлгөн ымыркай таштандыдан табылса, дагы бир наристе Арча-Бешик конушундагы үйдүн короосуна ташталды. Ал арада Жалал-Абадда да жаңы төрөлгөн кыз таштандыдан аныкталды. Бул маселе коомдук жалпы пикирди жаратып, маселени кароодо объективдүүлүк керек деген сунуштар айтылды.

Таштанды челектен, үйдүн короосунан табылган ымыркайлар боюнча өкмөт кандай реакция кылды жана эмнени тапшырды?

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө бул иштер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматтары угулуп, тапшырмалар берилди.

  • жашы жете элек балдарга карата зомбулуктун алдын алуу, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди күчөтүү;
  • социалдык кызматтар жаңы төрөлгөн балдардын абалын, кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоого артыкчылыктуу тартипте туруктуу мониторинг жүргүзүү;
  • турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө туруктуу мониторинг жүргүзүү жана ар тараптан мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча ишти активдештирүү, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды багып алуучу үй-бүлөлөргө жайгаштыруу.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги оор турмуштук кырдаалга кабылган аялдар адистештирилген социалдык мекемелерге кайрылып, аларга социалдык, психологиялык жана юридикалык колдоо жана жардам көрсөтүлөрүн белгилейт.

Депутаттардын сунуштары, пикирлери

Эльвира Сурабалдиева Министрлер кабинетине кайрылып, төрөт үйлөрүндө беби-боксторду ачууну өтүндү. Айтымында, буга чейин эле төрөтканаларда беби-боксторду ачууну сунуштаган, бирок өкмөт бул үй-бүлө институтуна шайкеш келбейт жана боксторду алууга ири каражат керектелет деген жооп айткан.

"Азыр башка суроо жаралууда - кыргызстандыктын өмүрү канча турат?", - деп беби-боксторду алууга каражат бөлүүнү суранды.

Ал эми Дастан Бекешев аял коомдун сынынан коркпошу керек деген пикирин айтты.

"Эгер ал эч кимге айтпай төрөп, баладан баш тартам десе, буга төрөтканада кылмыш жоопкерчилигине тартпаган шарттар түзүлүшү керек. Ошол эле учурда бала төрөй албай, балалуу болууну эңсеп жүргөн аялдарга багуусуз калган наристелерди асырап алууга болгон шартты түзүп берүү керек.

Ал эми коргонуучу каражаттарды колдонбой, бойго бүтүргөн эркек кишиге юридикалык жоопкерчилик каралыш керек. Коргонуу боюнча. Билим берүү тармагындагы айрым адамдардын таасиринен мектеп окуучуларына жыныстык тарбия берүү иштери таптакыр жүргүзүлбөй келет. Биз бардык жерде контрацептивдердин артыкчылыктары жөнүндө айтышыбыз керек. Аларды социалдык жактан аялуу жаштар үчүн бекер болсо жакшы болмок", - деп жазды ал.

Дагы бир депутат Айгүл Айдарова балдардын ташталышына бир гана кыздар күнөөлүү эместигин билдирди. Айтымында, ачыкка чыкпай жаткан мындай окуялар канча.

"Үч эне тең жаш кыздар. Эне катары күнөөнү кыздарга гана койбойм. Баланы 9 ай курсакта көтөрүп, жарык дүйнөгө алып келгичекти жардамды ата-энесинен, баланы жасаган эркек сөрөйдөн үмүт кылып күттү. Буга биз баарыбыз күнөөлүү экенибизди сезели. Мамлекеттик деңгээлде көтөрүлө турган маселени ийри олтуруп, түз кеңешип чечүүгө бел байлашыбыз керек. Тарбияны балдарга толук кандуу берип, үйдө кызга да, балага да ушул окуяларды сабак катары көрсөтүү керек. Мындай окуялардын кайталануусун алдын алуу үчүн жашы жетип келе жаткан өспүрүмдөргө тарбиянын туура жолун тандап, маңыздуусун сиңирүү керек", - деди Айдарова.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14987