Камчы Көлбаевдин 720 батири мамлекеттин менчигине ыктыярдуу түрдө өттү
RU

Камчы Көлбаевдин 720 батири мамлекеттин менчигине ыктыярдуу түрдө өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Атайын операция учурунда өлтүрүлгөн Кримавторитет Камчы Көлбаевдин (Асанбек) 720 батири ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүлдү. Бул туурасында бүгүн, 22-ноябрда Мамлекеттик мүлктөрдөрдү башкаруу агенттигинин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев "Кабарда" өткөн маалымат жыйында айтты.

"Быйылкы жылдын 10 айында мамлекеттик менчикке ыктыярдуу түрдө 38 бирдик кыймылсыз мүлк (имараттар, жер тилкелери) кабыл алынды. Андан тышкары курулушу жүрүп жаткан 720 батир кабыл алынды. Уставдык капиталда 15 акция жана үлүш мамлекеттин менчигине кабыл алынды. Ошондой эле 356 транспорт каражаты мамлекеттин менчигине өттү", - деди Машиев.

Маалым болгондой, жогоруда айтылган батирлер 2027-жылы курулуп бүтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14997