Садыр Жапаров 55 жашка толду. Мамлекет башчыларынын куттуктоолору
RU

Садыр Жапаров 55 жашка толду. Мамлекет башчыларынын куттуктоолору

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 6-декабрда, Садыр Жапаровдун туулган күнү. Кыргыз Республикасынын Президенти 55 жашка толду.

Маалыматка ылайык, Жапаровду биринчилерден болуп Орусиянын президенти Владимир Путин куттуктады.

"55 жашыңыз менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз. Сиз мамлекет башчысы катары ишмердүүлүгүңүз менен мекендештериңиздин жогорку урматына жана олуттуу эл аралык авторитетке ээ болдуңуз.

Биздин өлкөлөр ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү, ошондой эле КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө сиздин жеке салымыңыз жогору бааланат.

Сиз Россиянын жетекчилигинин эки тараптуу мамилелердин бардык багыттарында активдүү биргелешкен ишти улантууга даяр экендигине таянсаңыз болот. Сизге чын дилимден чың ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле, Кыргызстандын президентин өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиёев да куттуктады.

"Биз сизди боордош кыргыз элинин жогорку ишенимине жана урматына ээ болгон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, мекенчил жана даанышман саясатчы катары жакшы билебиз жана сыйлайбыз. Кыргызстандын лидери катары сиз көтөргөн улуттук программалар жана регионалдык мазмундагы маанилүү демилгелер натыйжалуу ишке ашырылып жатканын өзгөчө канааттануу менен белгилегим келет.

Биздин чечкиндүү биргелешкен аракеттерибиз тарыхый, диний жана маданий гармонияга негизделген өлкөлөрүбүздүн ортосундагы масштабдуу байланыштарды мындан ары да тереңдетип, стратегиялык өнөктөштүктү ар тараптуу бекемдөөгө кызмат кылат деп ишенем.

Дагы бир жолу туулган күнүңүз менен чын дилимден куттуктап, сизге узун өмүр, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана бейпилдик, туруктуу гүлдөп-өнүгүү каалайм", - деп айтылат куттуктоодо.

Касым-Жомарт Токаев куттуктоосунда Жапаровдун "кылымдардан бери келе жаткан достуктун, ынак коңшулуктун жана өз ара колдоонун духунда дайыма өнүгүп келе жаткан казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин чыңдоого кошкон салымын" белгиледи.

"Сизге, урматтуу Садыр Нургожоевич, бир тууган Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө мындан аркы ийгиликтерди каалайм", - деди Казакстандын президенти.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон куттуктоосунда эки өлкөнүн ортосундагы бардык деңгээлдеги мамлекеттер аралык диалогду улантууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

"Сиздин туулган күнүңүзгө байланыштуу менин куттуктоолорумду жана жакшы тилектеримди кабыл алыңыз. Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди, ал эми дос Кыргызстандын элине тынчтык, бейпилдик жана туруктуу гүлдөп-өнүгүү каалайм.

Жакында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумунун аянтчасында өз ара түшүнүшүү жана өз ара урматтоо маанайында биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелердин актуалдуу маселелерин ар тараптуу талкууладык.

Бул жолугушуунун оң натыйжаларына канааттанганымды билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы бардык деңгээлдеги мамлекеттер аралык диалогду улантууга кызыкдар экенибизди баса белгилейм", - деди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15086