Садыр Жапаров эки күн футбол ойнойт. Президенттин катышуусунда "Мурас" турнири башталды
RU

Садыр Жапаров эки күн футбол ойнойт. Президенттин катышуусунда "Мурас" турнири башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда "Мурас" футбол боюнча мелдеш старт алды. Оюндар 8-9-декабрь күндөрү өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 8-декабрда иш-чаранын ачылышы өттү.

Президент өз сөзүндө бардыгын турнирдин башталышы менен куттуктап, бул иш-чара эки жылдан бери сергек жашоого үндөө болуп жатканын жана "белгилүү бир жыйынтыктар бар экенин" эске салды.

Турнирдин катышуучулары:

  • "Президенттин командасы";
  • маданият өкүлдөрү – "Өнөр";
  • атактуу ишкерлер - "Бизнес";
  • ЖМК өкүлдөрү – "Журналист";
  • футбол ардагерлери – "Алга";
  • спорт федерацияларынын жетекчилери - "Спорттук федерациясы";
  • Жогорку Кеңештин депутаттары - "Жогорку Кеңеш";
  • президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, райондордун акимдери – "Аймактар";
  • дин өкүлдөрү - "Ыйман";
  • ооруканалардын башкы дарыгерлери – "Ден соолук";
  • мектеп директорлору, ЖОЖ ректорлору – "Билим";
  • сот бийлигинин өкүлдөрү – "Фемида";
  • укук коргоо органдарынын жетекчилери - "Коопсуздук";
  • атактуу спортчулар - "Спорт жылдыздары";
  • Кыргыз Республикасынын элинин ассамблеясы, диаспора лидерлери – "Достук";
  • банктардын жетекчилери - "Банктар".

Чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар 9-декабрда болот.

Оюндарды түз эфирде УТРК Спорт жана ЭлТР каналдарынан көрүүгө болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15105