Актриса Роза Азимбаева кыздуу болду
RU

Актриса Роза Азимбаева кыздуу болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Министрдин кызынын махабаты" тасмасында Зинанын ролу менен таанылган актриса, учурда ырчылык менен алектенген Роза Азимбаева кыздуу болду. Бул туурасында ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Сүйүнчү достор. Мен эне болдум. Көптөн бери күткөн кызым жарык дүйнөгө келди", - деп жазды ал.

Kaktus.kg редакциясы актрисага байланышканыбызда, 29-декабрда көз жарганын айтты.

Буга чейин актриса Супер ТВга берген маегинде бала багып алуу ниети бар экенин айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15232