Баткенге келтирилген чыгымдарды эсептөө иштерин 48 ыкчам-тергөө тобу иш алып барууда
RU

Баткенге келтирилген чыгымдарды эсептөө иштерин 48 ыкчам-тергөө тобу иш алып барууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМ: 6-майга карата Баткен облусунун аймагында абал туруктуу

2021-жылдын 6-майына карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок, деп Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, чек ара тилкелеринде милициянын атайын кайгуул топтору жергиликтүү тургундарга ар кандай укук бузууларга жол бербөө керектигин түшүндүрүүдө. Чек арага чектеш аймактагы коопсуздукту милиция менен бирге, ички аскерлер менен башка күч түзүмдөрү көзөмөлдөөдө.

Андан сырткары, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда келтирилген бардык чыгымдарды эсептөө жана иликтөө иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында жеринде 48 ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

Баткен ОИИБдин өздүк курамы жана бул аймакка тартылган ИИОнун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда, деп ИИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдо жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1537