Абакта жаткан соттолуучулардан ондогон бычак, телефондор табылды
RU

Абакта жаткан соттолуучулардан ондогон бычак, телефондор табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан абактарда тинтүү жүргүзүлүүдө. Мекемеден билдиришкендей, 24-январда колониялардын биринде жалпы текшерүү болуп, ондогон телефондор жана саюучу, кесүүчү куралдар алынган.

Соттолуучулардын башкаларга тийгизген таасирин алдын алуу, ошондой эле тыюу салынган буюмдарды табуу жана конфискациялоо, мүмкүн болгон жер астындагы казууларды жана башка качууга даярдыктарды табуу максатында ЖАКтын мекемелеринин биринде жалпы тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада төмөнкүдөй тыюу салынган буюмдар табылды:

  • ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефон - 95 даана;
  • сайюучу-кесүүчү курал - 163 даана;
  • акча каражаттары - 2240 сом;
  • түзөтүү мекемесинин ички эрежелери менен тыюу салынган түрдүү буюмдар (кубаттагычтар, аккумуляторлор, кулакчындар, оюн карталары ж.б.) - 340 даана.

Ички тартип эрежелерине баш ийбеген абактагы жарандар айып изоляторуна киргизилди. Соттолгон жарандарга мыйзамдын талаптарын так аткарууда, тыюу салынган нерселерди жабык жайларда колдонбоо жана алып жүрбөө боюнча кызматкерлер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат дешет ЖАКтан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15400