Балыкчыда унаа сүзүп кеткен кызга операция жасалат
RU

Балыкчыда унаа сүзүп кеткен кызга операция жасалат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балыкчыда айдоочу сүзүп кеткен 5-класстын окуучусуна кийинки аптада операция жасалары күтүлүүдө. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен Kaktus.kg сайтына билдиришти.

Маалым болгондой, жабырлануучу Балыкчыдан Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүнө которулган.

"Сан сөөгүнүн майдаланган сыныгы тартылып, операция кийинки жумага пландаштырылды. Бейтаптын абалы туруктуу, - дешти министрликтен.

*****

Белгилесек, 26-январда Балыкчыда 5-класстын окуучусун унаа сүзүп, айдоочу жеринен качып кеткен. Жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Окуучунун атасы кырсыкка Балыкчы ШИИБдин башчысы күнөөлүү экенин, бирок ал жоопкерчиликтен качып жатат деп президентке, УКМКнын төрагасына кайрылган.

Бул факты боюнча Балыкчы прокуратурасы 144-берене ("Коркунучта калтыруу - этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун) менен кылмыш ишин ачып, тергөөнү УКМКнын обулстук башкармалыгына өткөрүп берген.

Жол кырсыгы боюнча Балыкчы ШИИБдин башчысы менен анын бир тууганы Бекзат Казаков (Ысык-Көл ОИИБдин участкалык инспектору болуп иштеп келген) кармалган. Бирок жабырлануучу тараптын тосмо арызынан кийин Бекзат Казаков бошотулган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: ИЗВЕСТИЯ.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15448