Балыкчыда окуучуну сүзгөнгө шектелген милициялардын бири бошотулду
RU

Балыкчыда окуучуну сүзгөнгө шектелген милициялардын бири бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Балыкчыда 5-класстын окуучусун сүзүп кеткенге айыпталган Балыкчы ШИИБдин мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев 2 айга камалды. Ал эми анын агасы Бекзат Казаков эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулганын Kaktus.kg сайтына Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, мындай чечимди 29-январда Каракол шаардык сотунун тергөө судьясы кабыл алды. Анда Бекзат Казаковго туруктуу жашаган жеринен тергөөчүнүн, прокурордун же соттун уруксатысыз чыгып кетүүгө, ишти тергөөгө жана сотто кароого тоскоолдук кылбоого, чакыруу боюнча белгиленген убакта келүүгө буйрук кылынды. Ал эми Бектур Осмонбаев 2 айга СИЗОго камакка алынды.

*****

Белгилесек, 26-январда Балыкчыда 5-класстын окуучусун унаа сүзүп, айдоочу жеринен качып кеткен. Жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Окуучунун атасы кырсыкка Балыкчы ШИИБдин башчысы күнөөлүү экенин, бирок ал жоопкерчиликтен качып жатат деп президентке, УКМКнын төрагасына кайрылган.

Бул факты боюнча Балыкчы прокуратурасы 144-берене ("Коркунучта калтыруу - этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун) менен кылмыш ишин ачып, тергөөнү УКМКнын обулстук башкармалыгына өткөрүп берген.

Жол кырсыгы боюнча Балыкчы ШИИБдин башчысы менен анын бир тууганы Бекзат Казаков (Ысык-Көл ОИИБдин участкалык инспектору болуп иштеп келген) кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15436