ЖЭБди калыбына келтирүүгө 917 адам, 31 техника тартылды
RU

ЖЭБди калыбына келтирүүгө 917 адам, 31 техника тартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы бүгүн, 5-февралда 917 адам, 31 техника тартылды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

ЖЭБдеги жумуштарды аткарууга тартылган жалпы 917 адамдын ичинен:

  • ӨКМдин 55 куткаруучусу 9 техникасы менен;
  • 728 - Энергетика министрлигине караштуу ЖЭБдин жана электр компанияларынын кызматкерлери;
  • 100 - Мамлекетти курулуштун куруучу жана атайын адистери;
  • ИИМдин 15 кызматкери;
  • Бишкек мэриясынын 19 кызматкери жана аталган жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 19 техника тартылды.

Учурда Бишкек ЖЭБинде 9 от казан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, электр энергиясын иштеп чыгаруу 6.466.280 кВт.саат. Ал эми ЖЭБдин жалпы активдүү кубаттуулугу 308 МВт.

*****

Энергетика министрлиги Бишкек ЖЭБдеги авария 2-февралда саат 03:00 чамасында катталганын расмий маалымдаган. Кырсыктан улам чыккан өрт саат 04:55те чектөөгө алынып, саат 05:05те толук өчүрүлгөн.

Кырсыктан 5 адам жабыркап, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлсө, дагы бир бейтаптын абалы орто оор деп бааланууда. Ал эми оор абалдагы эки бейтап президенттин тапшырмасы менен Түркиядагы ооруканага жаткырылды.

Бишкек ЖЭБдеги жарылуу (8 статей)
Бишкек ЖЭБде көмүр чаңы күйүп, бир адам жабыркады
11 Апрель 2024, 17:38
Бишкек ЖЭБдеги жарылуунун себептери айтылды
11 Апрель 2024, 14:59
ЖЭБдеги авариянын кесепетин жоюуга Синьцзян өкмөтү 100 миң доллар берет
12 Февраль 2024, 16:36
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15476