Кыргызстанда жыл башынан бери 71млн сомго мал уурдалган
RU

Кыргызстанда жыл башынан бери 71млн сомго мал уурдалган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2020-жылдын 11-айынын ичинде мал уурдоодон кыргызстандын жарандарына 71 миллион 210 миң сомго материалдык зыян келтирилген. Анын ичинен 39 миллион 61 миң сомдук мал кайра ээлерине кайтарылган. Бул тууралуу КРдин ИИМи маалымдады.

"Кылмышты ачуу пайызын жоогорулатуу максатында милициянын атайын кызматтары мал уурдоого анализ жасап, төмөнү жыйыныкка келишти: түнкүсүн күндүзгү учурга салыштырмалуу эки эсе көбүрөөк мал уурдалат", - деп билдирүүдө жазылган.

2020-жылы баш-аягы 1096 иш иликтенип анын ичинен 698и ачылган, ошону менен кылмышкерди аныктоонун пайызы 63,6%ды түздү.

11 айдынн ичинде 253 ууру аныкталып, анын ичинен 119у камакта болсо 134 кылмышкерге карата сыртка чыкпоо тууралуу тил кат жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/158