Нариман Түлеев "Эмгекке": Атамбаев мени 4 жыл бою сындыра алган эмес
RU

Нариман Түлеев "Эмгекке": Атамбаев мени 4 жыл бою сындыра алган эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түлеев мурдараак Бишкек шаардык кеңешинде кайрадан шайлоо өткөрүлүүсүн талап кылган жана шайлоо мыйзамын бузгандыгы үчүн "Эмгек" партиясын жоопко тартууну өтүнгөн. "Эмгек" партиясы Түлеевге жооп кайтарган. Ошол эле учурда, шайлоо бүткөн соң партия лидерлери жолугушкан.

Түлеев ЖМКлар анын сөзүн бурмалап жатканын жана жолугушуу "Эмгек" партиясынын лидеринин суранычы менен уюштурулганын билдирди.

"Мага "Эмгекчилер" өздөрү куйругун кыпчып келип, токтотуңуз деп жалынган. Ошондо эле мени Атамбаев командасы менен чиритмек, бирок сындыра алган жок. Эч кимиңерден коркпойм, - деп айткам. Эмгекчи мырзалар силер ар жерде агыңардан жарылып, актыгыңарды жарыялап жатасыңар, анчалык эле таза экенсиңер мамлекет башчыга жана УКМК башчысына силердин ишмердүүлүгүңөрдү, салык боюнча декларацияңарда көрсөткөн маалыматтын чындыгын дагы бир ирээт текшерип чыгуусун сунуштайм. Бул бардыгы үчүн кызык болот деп ишенимдүү айта алам",- деди Түлеев.

"Ак бата" партиясынын лидери билдиргендей, "базаркомдордун партиясы" Бишкек шаардык кеңештен өтүш үчүн добуш сатып алууда алдына ат салдырган жок, булар баарын сатып алган.

Ал айткандай, анын арызы боюнча эч кандай иш козголуп, чаралар көрүлгөн жок.

Ошондой эле атаандаш партияга карата арыз жазган Эркинбек Мабеталиев менен Марипа Тургунбаеваны Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери коркутуп жатканын жана жакын арада БШК буларга көңүл бөлөт деген үмүттө, себеби "эл президенттен жана УКМК башчысынан коргоо сурап жатат"

Анын айтымында " Бул жөн эле мыйзам бузуу эмес, бул базаркомдордун өз билемдик менен каалаганын калчоого жол берүү! Албетте, бул жерде Аймактык комиссия мыйзамсыздыкка көз жумуп жатат. Мендеги маалыматтар боюнча Аймактык комиссияда жогорку кызматты ээлеген адам "Дордой" Ассоциациясы менен "Аламедин" базарын башкарат. Ал эми БШКда иштеген бир адамдын балдары "Эмгек" партиясынын тизмесинде жүрөт.

Менимче баары белгилүү болду го. Ошондуктан Аймактык комиссия менен БШК дым дебей отурат. Биякта акчалай кызыкчылык эле эмес, тууганчылык байланыш дагы роль ойноодо"

Нариман Түлеев кошумчалагандай, анын партиясынын кандидаттары билип туруп бул кадамга барып, арыз жазып жатат. Бул бардык партия мүчөлөрүнүн макулдугу менен жазылды.

"Бизди президенттке кайрадан шайлоо өткөрүү талабы менен кайрылган башка партиялар дагы колдоп жатат",- деп сөзүн жыйынтыктады.

Азыркы тапта кайрадан шайлоо өткөрүү талабын "Реформа", "Социал-демократ", "Республика" жана "Ыйман нуру" партиялары жарыялаган. КЭДП партиясы дагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын коюуга ниеттенүүдө. Анткен менен, "Ак Бата" партиясы БШКга эч кандай доо арызын жазган эмес.

11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңешине төмөндөгү партиялар кириши керек:

"Эмгек", "Ак Бата", "Ата-Журт Кыргызстан", "Ынтымак" жана "Биздин Эл". Мындан сырткары Кыргызстан элдик демократиялык партиясы дагы босого ченден өткөн, бирок кийин шайлоодон четтетилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1596