Бишкекте коомдук транспорттордо ыдык көрсөтүүгө каршы хакатон болуп өттү
RU

Бишкекте коомдук транспорттордо ыдык көрсөтүүгө каршы хакатон болуп өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

3-4-май күндөрү Бишкекте "Коопсуз транспорт – ыдык көрсөтүүгө каршы инновациялар" аттуу эки күндүк хакатон болуп өттү. Иш-чара "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фонду, шаар мэриясынын жана Кыргызстандагы АКШнын элчилиги менен Дүйнөлүк Банктын каржылык колдоолору менен ишке ашты.

Хакатондун негизги максаты – аялдарды жана балдарды (кыздарды) коопсуз ташууну камсыз кылуу үчүн коомдук транспортто ыдык көрсөтүүгө каршы мыкты инновациялык жана санариптик чечимдерди иштеп чыгуу болду.

"Ыдык көрсөтүү жана зордук-зомбулук аялдардын жана балдардын ден соолугуна жана бакубатчылыгына чоң зыян келтирет. Инновациялык жана санариптик чечимдер аталган кылмыштар менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолдору болуп саналат. Бул жамандыкты жоюу үчүн биз өз аракеттерибизде чечкиндүү болууга тийишпиз", - деди "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова.

Хакатонго катышкан командалар коомдук транспортто аялдарга жана балдарга (кыздарга) ыдык көрсөтүү менен күрөшүүгө жардам бере турган өздөрүнүн долбоорлорун сунушташты.

Жеңүүчүлөр мыкты жетишкендиктери жана инновациялык долбоорлору үчүн татыктуу сыйлыктары менен сыйланышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16097