Пакистандын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет
RU

Пакистандын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19 – майда Пакистандан расмий адамдар - Тышкы иштер министри Исхак Дар жана Кашмирдин иштери боюнча министри Амир Мукам Бишкекке келишет. Бул тууралуу Dawn басылмасы билдирди.

ЖМКлардын маалыматына караганда, мындай чечимди Пакистандын өкмөт башчысы Шахбаз Шариф Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуу кабыл алды.

"Кырдаал канааттандырарлык болгону менен Пакистандык студенттерге тез жардам көрсөтүү үчүн делегация жиберүү чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Исхак Дар Бишкекте Кыргызстандын бийлиги менен жолугуп, жабыркаган студенттерге медициналык жардам көрсөтүү маселесин талкуулай турганы белгилүү болду. Ошондой эле чет элдик студенттерди мекенине кайтаруу жолдору талкууланышы мүмкүн.

Пакистандын өкмөт башчысы өз кайрылуусунда "Пакистан уул-кыздарын оор абалда калтырбайт" деп, мекенине кайтууну каалаган студенттерди мамлекеттик казынанын эсебинен Кыргызстандан алып кетүүнү тапшырды. Ошол эле түнү Бишкектен атайын учак менен 180 пакистандык учуп кетти.

Эскерте кетсек, 13-май күнү кечинде Бишкектин чыгыш тарабындагы жатаканалардын биринде жергиликтүү жана чет элдик жарандардын ортосунда мушташ чыккан.

Төрт күндөн кийин - 17-майда Чүй/Курманжан датка көчөлөрүнүн аймагында массалык баш аламандык башталды. Катышуучулардын так саны белгисиз, 700дөн 1000ге чейин адам катышканы кабарланган. Ошол эле учурда социалдык тармактарда чет элдиктер жашаган жатаканалардын талкаланган видеолору тараган. Алардын токмоктолгон учурлары катталды. Талап-тоноо учурлары да болгон.

Шаардын бардык милициялары түнү менен аларды кайтарып, чет элдик студенттер жашаган жерден кол салгандарду алып чыгарууга мүмкүн болду. Ошол эле учурда чет элдик студенттердин жатаканаларында коргоо коюлду. Катышуучулар бийлик менен жолугушууну талап кылышты. Таңкы саат 5те демонстранттар тарап кетишти.

Белгилүү болгондой, окуя учурунда медициналык жардам алуу үчүн 29 адам кайрылган, алардын 15и шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилген, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16186