Депутат Чыңгыз Ажибаев күзөтчү менен чырдашканын ырастап, кечирим сурады
RU

Депутат Чыңгыз Ажибаев күзөтчү менен чырдашканын ырастап, кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев буга чейин Бишкектеги соода борборлордун биринде күзөтчү менен чырдаша кеткени маалым болгон. Бирок эл өкүлү редакциянын чалуусун жоопсуз калтырган. Кийинчерээк депутат социалдык тармактагы баракчасына күзөтчу менен жаңжалдашкан ырастап, талкуу болгон окуяга түшүндүрмө берди.

Айтымында, окуя мындан 20 күн мурун соода борбордун унаа токтотуучу жайында болгон.

"Ал жерден чыгып бара жаткан кезде күзөт кызматкери унаага жакын туруп алып, жаман сөздөр менен сөгүнгөндөн улам чырдаша кеттик. Унаада кичинекей наристем менен келинчегим бар болчу. Алардын көзүнчө уят сөздөрдү угуп, чыдап отура алган жокмун. Унаадан түшүп, "машинеден ары тур" деп түрттүм. Ал дароо белимден кармап, жерге жыгып, бир аз алыша кеттик. Карап тургандар ажыратып коюшту. Мен окуядан кийин милицияга арыз жазгам", - деди ал.

Чыңгыз Ажибаев күзөтчүнүн үстүнөн жазган арызын кайра алып, элдешкенин кошумчалады.

"Мындай жагымсыз окуяга туш болгонум өзүмө да ыңгайсыздык жаратып турат. Алардын уятсыз сөздөрүн уксам да, сабыр кылып кетип калсам болмок экен. Бирок болор иш болду, пенде экенбиз уруша кетет экенбиз. Сиздерге туура эмес үлгү көрсөткөнүм үчүн кечирим сурайм", - дейт депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16550