Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Парижге эмнеге барбаганынын себеби айтылды
RU

Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Парижге эмнеге барбаганынын себеби айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Соцтармактарда Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу спортчуну коштоп Олимпиадага барбай калганы талкуу болуп жаткан чагы. Буга байланыштуу Дене тарбия жана спорт департаменти Беганас Султанбаевдин Парижге барбай калган себебин түшүндүрдү.

Спорт департаменти, машыктыруучуларга аккредитация мушкерлер лицензия алганга чейин берилгенин, буга байланыштуу башкы машыктыруучу гана аккредитация алганын билдирди.

"Мунарбек мушкерибиз көп күткөн Олимпиадага лицензияны ушул жылы июнь айында алды. Ал эми тренерлерди аккредитациялоо март айында эле жыйынтакталган. Лицензиялык турнирлерге бир канча мушкер катышып, кимиси лицензия алары белгисиз болгондуктан, башкы тренер аккредитациядан өткөн. Олимпиадага даярдык кандай дыкаттык менен жүрөрү баарыбызга белгилүү эмеспи. Ушуга байланыштуу бир гана башкы тренерге уруксат берилди. Тилекке каршы, жеке тренер гана эмес, улук тренер дагы Парижге бара алган жок", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Париждеги Олимпиада оюндарында мушкер Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыккан. Кезектеги беттеш 8-августта өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16858