Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна таштар кулады
RU

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолуна таштар кулады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 16-октябрда Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинин 270-271-чакырымдар аралыгында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам тоодон таштар кулап, жолду жаап калды. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги таш көчкүнүн көлөмү болжол менен 3000 м3 түзөрүн маалымдады.

Ошондой эле Арал-Казарман жолунун 243-296-чакырымдар аралыгында таштар кулап, аталган тилкеде да каттам убактылуу чектелди. Учурда тешелүү техника жана жумушчу күчүн тартуу менен тазалоо иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17702