Түндүк Корея Түштүк Кореяны согуш менен коркутту
RU

Түндүк Корея Түштүк Кореяны согуш менен коркутту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Пхеньян түштүк кореялык учкучсуз учак анын аймагында табылганын ырастагандан кийин муну "олуттуу аскердик провокация" деп айыптады.

Ал эми Түндүк Кореянын Коргоо министрлигинин өкүлү өлкөнүн аймагын аскердик жол менен кийинки жолу бузуу "согуш жарыялоо" катары каралып, "дароо жооп соккусуна" алып келерин эскертти.

Түндүк Корея бийлигинин маалыматы боюнча, 13-октябрда Пхеньянда кулап түшкөн түштүк кореялык аскердик учкучсуз учуучу учактын калдыктары табылган.

Пхеньяндын маалыматына караганда, октябрь айында Түштүк Кореядан үгүт баракчаларын көтөргөн дрондор өлкөнүн борборуна үч жолу жакындаган. Түштүк Кореянын коргоо министри Ким Ён Хен бул маалыматты тастыктаган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17743