Кытайдан атчан сапарга чыккан эже-сиңди Кыргызстанга келишти
12
Кытайдын Кызыл-Суу аймагынан ат менен келе жаткан этникалык кыргыз кыздар Риза менен Гүлсанат бүгүн, 25-майда Кыргызстанга келишти.
Маалыматты президенттин Нарын облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн Kaktus.kg сайтына билдиришти.
"Кыздар Торугарттагы өткөрмө пунктуна келип, чек арадан өтүштү. Аларды чек ара тилкесинде аким тосуп алды. Андан кийин кыздарды Ат-Башынын Муз-Төр жеринде расмий тосуп алуу иш-чарабыз өтөт. Ал жакта президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү, маданият министринин орун басары да бар", - дешти өкүлчүлүктөн.
Белгилесек, эже-сиңдилердин ат менен болгон сапары 20 күнгө созулду.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17878
