Өлкөдөгү бийик тоолуу мектеп Starlink спутниктик интернетине кошулду
Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу Эңилчек айылындагы мектепте жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернет жеткиликтүү боло баштады. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев видеоконференция режиминде интернеттин ишин расмий түрдө баштап берди.
Географиялык абалы татаал жана жер үстүндөгү коммуникациялардын жоктугунан улам буга чейин глобалдык тармакка чыга албаган Эңилчек айылындагы мектеп Starlink спутниктик системасы аркылуу кошулган өлкөдөгү биринчи социалдык объект болуп калды дешет өкмөттөн.
Практикалык колдоо катары Адылбек Касымалиев аталган мектепке 5 заманбап компьютер тапшырды."Бүгүнкү күндө өлкөдө интернетке кошула элек 6 гана мектеп бар. Алардын сапаттуу жана туруктуу байланышын камсыз кылуу биздин кийинки артыкчылыктуу милдетибиз болуп саналат, ал жакынкы аралыкта чечилет", - деп билдирди төрага.
Маалымат үчүн: Пилоттук долбоор президенттин 2025-жылдын 3-октябрындагы №276 "Геостационардык эмес спутниктик системаларды пайдалануу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө" Жарлыгын аткаруунун алкагында ишке ашырылууда.
Бүгүнкү күндө долбоорду ишке киргизүү үчүн мамлекет тарабынан белгиленген бардык техникалык жана юридикалык талаптарды аткарган компания SpaceX болуп саналат. Долбоор бир провайдер менен чектелбейт. Спутниктик интернет кызматтарын көрсөткөн, мамлекеттик коопсуздук жана сапат стандарттарына жооп берген ар кандай технологиялык компания республиканын аймагында долбоорду ишке ашырууга катышууга арыз берүүгө укуктуу.