ИИМге 370 кызматтык унаа тапшырылды
RU

ИИМге 370 кызматтык унаа тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлигине заманбап санариптик технологиялар менен жабдылган 370 жаңы кызматтык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы катышты. Ал өз сөзүндө акыркы 5 жылдын ичинде президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөдө терең реформалар жүргүзүлгөнүн баса белгиледи.

Атап айтканда, бул мезгил аралыгында ИИМ системасы үчүн 280 жаңы имарат курулуп, дагы 300гө жакын объект реконструкцияланды, бул кызматкерлердин иштөөсү жана жарандарды кабыл алуу үчүн заманбап шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берди.

Адылбек Касымалиев масштабдуу техникалык кайра жабдуу жеке курамдын кесипкөйлүгүнүн жана кызматтык тартибинин өсүшү менен коштолушу керек дейт.

"Жогорку натыйжаларга заманбап техника кесипкөй жана принципиалдуу кадрлардын колунда болгондо гана жетишүүгө болот. Милициянын ар бир кызматкери мыйзамды так сактоого, адилеттүүлүктү камсыз кылууга жана өз эмгеги менен жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин бекемдөөгө милдеттүү", - деп белгиледи төрагасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17885