Президент кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосун маалымат кызматы жарыялады.
"Урматтуу мекендештер! Ардактуу момун мусулмандар! Бүгүн биз бүткүл ислам дүйнөсү менен бирге Курман айт майрамын зор кубаныч, терең руханий даярдык менен тосуп жатабыз. Баарыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Ар бир үй-бүлөгө кут-береке, бейпилдик жана ынтымак-ырыс каалайм. Ата Журттан сырткары, алыс-жакында жүргөн бардык мекендештерибиздин, ошондой эле өлкөбүздөгү бардык мусулман бир туугандарыбыздын жүрөктөрүнө жылуулук, дилине тынчтык орносун.
Жараткан кутман жергебизге ырыскы, береке, бейпилдик жана туруктуулук берсин. Элибизди бөөдө кырсыктан, бөлүнүп-жарылуудан сактасын! Кыргызстаныбызда ар дайым бакубатчылык орноп, ар бир коломтодо токчулук менен молчулук өкүм сүрсүн!", - деп айтылат куттуктоодо.
Ошондой эле учурда Мекке шаарында ажылыкта жүргөн кыргызстандыктардын аруу-тилектери менен ажылыгы кабыл болсун деген президент.
