Ошто салыктын бир бөлүгү шаарга калат
9
Президент Садыр Жапаров "Ош шаарында сатуудан алынуучу салыктан жана бирдиктүү салыктан түшүүлөрдү бөлүштүрүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, 2026-жылдын 1-июнунан 2027-жылдын 1-июнуна чейин сатуудан алынуучу салыктын 50% жана бирдиктүү салыктын 15% Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине түшөт.
Финансы министрлиги салыктык түшүүлөрдү эсепке алуу механизмин иштеп чыгып, пилоттук долбоор аяктагандан кийин анын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзөт.
Жарлык ушул жылдын 1-июнунан тарта күчүнө кирет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17890