Кыргызстандын жаратылышы Enigma музыкалык долбоорунун вокалистин суктандырды
RU

Кыргызстандын жаратылышы Enigma музыкалык долбоорунун вокалистин суктандырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнөгө белгилүү Enigma музыкалык долбоорунун вокалисти Эндрю Дональдс Кыргызстандын жаратылышына суктанды. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков биилдирди.

Ал соцтармактагы баракчасына Эндрю Дональдсты Ала-Арча улуттук жаратылыш паркына алып барганын жазды.

"Биз үчүн Кыргызстанды эл аралык аренада имиджин илгерилетүү приоритет болуп саналат. Өлкөбүздү расмий маалыматтар аркылуу гана эмес, атактуу адамдардын чын ыкластуу таасирлери, эмоциялары аркылуу да таанышы маанилүү.

Ушул максатта Эндрю мырзаны мекенибиздин кооз жаратылышы менен жакындан тааныштыруу үчүн Ала-Арча улуттук жаратылыш паркына алып бардым. Жаратылыштын улуулугу, таза абасы жана тоолордун өзгөчө энергиясы ага чоң таасир калтырды", - дейт ал.

Орунбеков белгилегендей, Эндрю Дональдстын Кыргызстан тууралуу жылуу пикирин, Кыргызстандан алган таасирин жана позитивдүү эмоцияларын анын дүйнө жүзүндөгү миллиондогон күйөрмандары да көрүшөт.

Белгилесек, Эндрю Дональдс 26-майда Бишкекке келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17891