Бардык шарттары менен. Баткенде чек ара посту ачылды
RU

Бардык шарттары менен. Баткенде чек ара посту ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен районунда Чарбак тозотунун Согмент чек ара посту ачылды. Бул туурасында президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Иш-чарага мамлекеттик Чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев онлайн форматта катышса, Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов баштаган жергиликтүү жетекчилер жана чек арачылар жеринде жүрүштү.

Жетекчилер алгач чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктап, Согмент чек ара постунун ачылышы мамлекеттин коопсуздугун чыңдоо жана чек ара аймактарындагы туруктуулукту камсыз кылуу багытындагы маанилүү окуя экенин белгилешти. Ошондой эле бул саамалык мамлекет тарабынан чек ара коопсуздугуна жана чек арачылардын эмгегине өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгынын далили экенин айтышты.

Согмент чек ара постунда чек арачылардын сапаттуу кызмат өтөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Заманбап талаптарга жооп берген казарма курулуп, кызмат өтөө үчүн керектүү шарттар камсыздалды.

Белгилей кетсек, аталган аймакта чек арачылар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын 12 чакырымдан ашык бөлүгүн кайтарат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17892