Министр ооруканага бейтап катары барып, андагы кызматтарды текшерди
RU

Министр ооруканага бейтап катары барып, андагы кызматтарды текшерди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов бейтаптарды кабыл алууну уюштуруу жана санариптик кызматтардын иши текшерүү максатында бейтап катары Улуттук Госпиталга барды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилесек, 26-майда социалдык тармактарга Улуттук Госпиталдын кире беришинде жык-жыйма адамдар кезекте турган видео тараган. Жарандар узун кезекке байланыштуу нааразычылыктарын билдиришкен.

Бул көрүнүштөн кийин министр аталган ооруканага барып, каттоо бөлүмүнөн электрондук талон алып, ЛОР дарыгеринин кабыл алуусунда болуп, текшерүүдөн өтүп, керектүү анализдерди тапшырган.

Талон алуудан баштап текшерүүдөн толук өткөнгө чейин бир саатка жетпеген убакыт кетти дешет министрликтен.

Бүгүнкү күндө Улуттук Госпиталдын аталган бөлүмүндө 6 каттоо терезеси иштеп, электрондук талон системасы, электрондук амбулатордук карталар, накталай эмес төлөмдөр жана QR-кызматтары колдонулуп жатканы айтылат маалыматта.

"Эртең мененки убакта бейтаптардын көп болушу көпчүлүк жарандардын жана аймактардан келген бейтаптардын бөлүм ачыла электе эле келип алышы менен байланыштуу. Улуттук Госпиталдын консультациялык-диагностикалык бөлүмү күн сайын өлкөнүн бардык аймактарынан келген 500дөн ашуун бейтапты кабыл алат", - дешти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Ал эми министр санариптештирүүнү мындан ары да өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Улуттук Госпиталдын жетекчилигине бейтаптарды тейлөөнүн бардык баскычтарында санариптик чечимдердин толук циклин киргизүү иштерин тездетүүнү тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17900