УКМК менен ИИМ уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүп, тиешеси бар адамдарды кармады
324
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлиги өлкө аймагындагы уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча тынымсыз иш-чараларды жүргүзүп келет. Бул туурасында УКМКдан маалымдашты.
Биргелешкен пландын алкагында Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдарга карата профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн.Аталган адамдар кылмыштуу жана уурулук идеологиядан баш тартып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо зарылдыгы тууралуу билдирген видеоматериалдар документтештирилди.
УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө катышуу, ошондой эле аларды каржылоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17902