Лимондон киреше тапкан багбан Араванга банан, папайя, киви өстүрүүнү пландап жатат (видео)
"Дөбө-Коргон татымы" ишканасы бир нече жылдан бери лимондон даяр продукттарды чыгарат. Учурда цехтен лимон согу, бал кошулган лимон кыямы жана таза ширеси өндүрүлөт.
Kaktus.kg редакциясы Ош облусунун Араван районундагы Дөбө-Коргон айыл аймагында лимон өстүргөн багбан Миркамил Касимовдун ишканасында болду.
"Лимон - бардык ооруларды алдын алуучу цитрус жемиши. Ошондон улам лимон өстүрөйүн деп аракет кылып, 10 сотых жерге күнөскана кургам. Башында ишти баштоо кыйын болду. Силер көрүп турган лимон бактары 8 жылдык. Лимондун багы 3 жылдан кийин түшүмгө келген. Эми минтип азыркыга чейин жемишин берип жатат", - дейт багбан.
Бүгүнкү күндө күнөсканадагы лимон багы 3,5 - 4 тоннага жакын түшүм берет. Багбан мындай көлөмдөгү лимонду жөн гана сырье катары сатпай, андан даяр продукт өндүрүүнү бир нече жыл мурда өздөштүргөн.
"БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен чакан цех ачканбыз. Лимондон даяр продукттарды - лимон ширесин, бал кошулган кыям жана эч кандай кошулмасы жок лимондун маңызын да өзүнчө продукт кылып өндүрөбүз. Цехте болсо аз камсыз болгон 18 кыз-келин иштейт. Аларды мезгилдик жумуш менен камсыздайбыз. Лимон сентябрь айында быша баштайт, күздөн баштап Жаңы жылга чейин иш болот", - деди Касимов.
Лимон өстүрүүдө химикаттарды колдонбой турганын айтат багбан. Анткени, химикат канчалык көп иштетилсе кардардан суроо-талап аз болот деп белгиледи. Жай мезгилинде тамак-аш содасы менен лимондун жалбырактарын жууп, 1 жылда бир жолу калий, фосфор менен тамырын азыктандырып турат.
Багбан лимон өстүрүүдө деле кыйынчылыктар болорун жашырган жок. Айтымында, бир жылы лимондорду тоң уруп, иш токтоп калган. Ошондон кийин күнөсканага жылытуу системасы коюлган. Кыш мезгилинде ичиндеги температура 10 градустан төмөн болбошу керек. Эгер 10 градустан ылдый түшүп калса лимон үшүп калат дейт.
Лимондун маңызы тоңдургучта сакталат. Кардардан буюртма түшкөндө керектүү көлөмдөгү продукт даярдалат.
"Лимонго суроо-талаптын көбү Бишкектеги тойканалар, мейманканалар, супермаркеттерден түшөт. Бир апта же 10 күн мурда "Бир айыл - бир продукт" программасынын алкагында бизге тапшырык түшөт. Мынча банка шире керек десе дароо даярдап жөнөтүп коёбуз".
Учурда күнөсканага кызыгып, сурагандар арбыды. Анткени айылда дыйканчылык кылгандардын көбү картошка, капуста, жүгөрү эккени менен баа түшүп, дыйкандар кыйналып жатышат дейт Касимов.
"Алдыдагы пландарыбыздын бири - Дөбө-Коргон айыл аймагы боюнча лимон өстүрүүнү өнүктүрүү. Азыр дыйкандарга лимон өстүрүүнү сунуштап, кеңеш берип жатабыз. 7-8 жерде лимон өстүрө башташты. Лимон канчалык көп болсо, цех кеңейет, киреше өсөт жана аз камсыз болгон жарандар иш менен камсыз болот. Мамлекетке азбы, көппү салык түшүп турат", - дейт ал.
Андан тышкары цитрус өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн арттыруу алдыдагы максаттарынын бири экенин кошумчалады.
"Былтыркы жылы 5 сотых жерге банан менен папайяны өстүрүп көрдүк. Экөө тең мөмө байлап, түшүм берди. Бирок пайдасы аз, чыгашасы көп болуп, өзүн-өзү актабайт экен. Анткени бир жылдан кийин кайра жаңы көчөт тигишиң керек болот. Өзүң үчүн эле 2-3 бак тигип койсоң болот экен. Ошентсе деле 4 сотых жерге цитрус жемиштеринин түрлөрүн - банан, папайя, киви өстүрүп көрөйүн деп жатам", - деп пландары менен бөлүштү.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында жергиликтүү тургундар дыйканчылык боюнча көп тажрыйбаларды топтоп, жаңы нерселерди үйрөнүп жатыптыр. Бул үчүн дыйкандар аталган программага ыраазычылык билдиришет.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылга карата Кыргызстанда жалпы аянты 298,1 гектарды түзгөн 1831 күнөскана чарбасы иш алып барууда.
Талдоолор көрсөткөндөй, өлкөдө күнөскана секторунун өнүгүшү аймактар боюнча бирдей эмес. Негизги үлүш түштүк аймактарга туура келет. Анын ичинде Ош облусунда 53 гектар аянтта 390 күнөскана чарбасы иштейт.