Депутат Караколдогу ипотекалык үйдөгү суу каптоого эң арзан түтүк себеп болгонун айтты
Депутат Эрулан Кокулов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Караколдогу үйлөрүн суу каптаганы боюнча берген маалыматын калп деди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 3-июнундагы жыйынында айтып, үйлөрдүн сапаты боюнча маселе көтөрдү.
"МИК арыктарга, түтүктөргө таштанды толуп калган деп жооп берген. Бирок ал калп. Андай болгон эмес. Суу каптоонун негизги себеби - дүйнөдөгү эң арзан түтүктү коюшкан. Жамгыр катуу жааганда түтүк жүктөмдү көтөрө албай, тешилип калган. Анан дагы түтүктү туура эмес кошкон. Бул боюнча Курулуш министрлигине да кайрылгам. "Жаан катуу жаап, суу каптады деген да жооп болобу". Анда Бишкектеги үйлөрдүн баарын суу каптамак да. Бүт Кыргызстанга ушинтип калп айтса боло береби", - дейт эл өкүлү.
Кокулов мурдагы түтүктөрдүн ордуна темир түтүктөр коюлганын, бул курулуш нормаларына туура келеби, жокпу деген суроо салды.
"Зыян тарткандарды да көрүп келдим. Дубал кургай электе майшыбак тартып, жаап-жашырганы жатасыңар. Дубал эртең эле көгөрөт. Жөн эле салып коё бербей, курулушту караш керек да. Мен дайыма айтып келгем, курулушту жакшылап көзөмөлдөсөңөр деп. Бардык кемчиликтери көзгө көрүнүп эле турат. Ушундай шалаакылык үчүн бирөө-жарым жоопко тартылыш керек да", - деди ал.
Эске салсак, нөшөрлөп жааган жаандан улам Каракол шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания курган көп кабаттуу үйлөрдү суу каптаган. Ипотекалык компания батирлерди, подъезддерди суу каптоонун бирден-бир себебин түтүктөргө таштанды толуп калганы менен байланыштырган.

