Төрага: Чет элдик номерлүү унааларды легалдаштыруу мөөнөтү узарат
RU

Төрага: Чет элдик номерлүү унааларды легалдаштыруу мөөнөтү узарат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу мөөнөтү узартылат. Бул туурасында бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Марлен Маматалиев билдирди.

Жыйында депутат Дастан Бекешев көптөгөн жарандар чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу мөөнөтүн узартууну суранып жатканын белгиледи.

"Буга чейин чет элдик номерлүү унааларды легалдаштыруу болгон. Жакында президент эл менен болгон жолугушууда бул процесс узартылышы мүмкүн экенин да билдирген. Ушул боюнча маалымат бере аласызбы. Ал эми 2025-жылы Кыргыз Республикасына импорттолгон унаалар эмне болот?", - деди Бекешев.

Спикер Марлен Маматалиев жакында мыйзамдаштыруу мөөнөтүн узартуу боюнча президенттин жарлыгы чыгарын билдирди.

"ИИМ менен сүйлөштүм, жакында чет элдик номерлүү унааларды легалдаштыруу боюнча президенттин жарлыгы чыгат экен. Мен ошондой эле өлкөгө мыйзамсыз кирген скутерлерди мыйзамдаштыруу процессине кошууну сурандым", - дейт Маматалиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17893