Өзгөндө айыпталуучу соттун имаратынан качып кеткен
277
Өзгөн районунда бүгүн, 29-майда сот имаратына жеткирилген айыпталуучу качып кеткен. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн.
ИИМден маалымдашкандай, Өзгөн РИИБдин кызматкерлери Кылмыш жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен айыпталган 1992-жылы туулган М.М. аттуу жаранды Өзгөн райондук сотуна алып барышкан. Болжол менен саат 14:20 чамасында айыпталуучу ажатканага кирип, ал жерден качып кеткени маалым болгон.
"Ош ОИИБи тарабынан 130дан ашуун кызматкерлер тартылып, "Сирена" планы киргизилген. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жана "Коопсуз өлкө" камераларынын жардамы менен айыпталуучу кармалды. Учурда териштирүү жүргүзүлүүдө", - дешет министрликтен.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17907
