Садыр Жапаров эң чоң стадиондун курулушун көрүп чыкты. Сүрөттөр
6
Садыр Жапаров бүгүн, 30-майда курулуп жаткан "Бишкек Арена" спорт комплексине пландан тышкары барды. Бул тууралуу "Ынтымак Ордодон" кабарлашты.
Мамлекет башчысына стадиондун курулушу бекитилген графикке ылайык жүрүп жатканы тууралуу маалымат берилди.
51 миң көрүүчүгө ылайыкталган "Бишкек Арена" стадиону Кыргызстандагы эң чоң футбол аренасы болуп калат. Объект FIFA жана AFC эл аралык стандарттарына ылайык курулуп жатат, бул өлкөдө ири эл аралык беттештерди жана мелдештерди өткөрүүгө шарт түзөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17912