Мектептерде 6 күндүк окууну калыбына келтирүү сунушталды
RU

Мектептерде 6 күндүк окууну калыбына келтирүү сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдөгү мектептерде алты күндүк окуу жумалыгын калыбына келтирүү сунушталды. Агартуу министрлиги тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Долбоорго ылайык, жалпы билим берүү уюмдары жөнүндөгү жобого беш күндүк жана/же алты күндүк окуу жумалыгын кошуу сунушталууда.

Сунуш бардык мектептер үчүн алты күндүк окуу жумалыгын милдеттүү кылбайт, тескерисинче, билим берүү процессин беш күндүк же алты күндүк жумада уюштуруу мүмкүнчүлүгүн берет деп айтылат.

Негиздеме-маалымкатында долбоор окуу жылынын оптималдуу узактыгын белгилөөгө жана мектептердеги окуу жүгүн рационалдуу бөлүштүрүүгө багытталганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле долбоордо окуу жылы 1-сентябрда эмес, сентябрь айында башталышы керектиги да каралган.

Белгилесек, 2026-2027-окуу жылы өлкөдө өтө турган эл аралык иш-чараларга байланыштуу 15-сентябрда башталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17913