УКМК Кара-Балтанын вице-мэри менен дагы бир кызматкер кармалганын билдирди
RU

УКМК Кара-Балтанын вице-мэри менен дагы бир кызматкер кармалганын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кара-Балта шаарынын вице-мэри жана мэрияга караштуу "Жол курулуш башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын директору кармалганын кабарлады. Комитеттин маалыматында алар коррупцияга шектелүүдө.

"Тергөөнүн жүрүшүндө вице-мэр К.А.У. менен жол ишканасынын директору Э.М.У. бир бүтүмгө келип, жеке адамдарга кум-шагыл аралашмасын жана битумду мыйзамсыз сатуу иштерин уюштурганы аныкталды", - деп айтылат билдирүүдө.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17923