Ошто айдоочу качып баратып инспекторлордун унаасын сүздү
RU

Ошто айдоочу качып баратып инспекторлордун унаасын сүздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районунда Mercedes унаасынын айдоочусу кайгуул кызматкеринен качып баратып, унааларды сүзүп кетти.

Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады. Күбөлөрдүн айтымында, Mercedes`тин айдоочусу рулду түз башкара албай, жогорку ылдамдыкта келе жаткан. Аны токтотуу үчүн жолго унаалар коюлган. Бирок айдоочу баш бербей, жолду тороп турган Кайгуул кызматынын унаасын жана Портерди сүзгөн.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, рулда 2008-жылы туулган айдоочу Н.Б.М. болгон. Ал унааларды сүзгөндөн кийин кармалган жана мас абалда экени аныкталган. Учурда канча унаа зыянга учураганы такталууда дешет мекемеден.

Бул факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17924